Биз менен байланышыңыз

Күрөө талаш: Күнөөлүүлөр аныктала элек парламенттик шайлоо

Саясат | 27 Янв 2021 | 1377 | 0

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан учурда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү тартиби жөнүндөгү мыйзам долбоору киргизилди. Демилгечи депутат Улукбек Ормонов бул мыйзам азыркы мыйзамда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан маалда күрөөнү кайтаруу тууралуу жобо жоктугунан улам иштелип чыкканын айтты.

«БШК ушундай мыйзам керек дегенинен азыр киргизип жатабыз. Мыйзам долбоору боюнча бардык партиялардын күрөөлөрү кайтарылып берилет», — деди Ормонов.

Эл өкүлү Сайдулла Нышанов мыйзам артка иштебей турганын айтып, ал кабыл алынган күндө да, өтүп кеткен шайлоого таасири тийбейт деди. Ошондой эле өлкө экономикалык каатчылыкта турган маалда партияларга күрөөнү кайтарбоо туура экенин билдирди.

Ал эми депутат Дастан Бекешев жыйынтыгы жокко чыккан шайлоо үчүн «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларын күнөөлөп, алардын күрөөлөрүн кайтарып алууга моралдык укугу жок экенин айтты.

Боршайкомдун мурдагы мүчөсү Атыр Абдырахматова мындай учурда абалга кайсы тарап күнөөлүү экенин аныктоо зарыл деп эсептейт. Эгер партиялар күнөөлүү деп табылса, алардын күрөөлөрү кайтарылбайт жана шайлоого керектелген чыгымдарды төлөп берет. Эгер БШК күнөөлүү деп таанылса, аталган чыгым мекемеге жүктөлөрүн айтат.

«Ар бир окуяга жараша мыйзамдарды өзгөртө берген туура эмес. Шайлоо комиссиялары күнөөнү мойнуна алгысы келбей, үч партияны күнөөлөгүсү келбей, ушул жолго барып жатат. Алар шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан учурда биринчи күнөөлүү тарапты аныктоо керек. Эгер партиялар административдик ресурсту пайдаланып, күч колдонуп, сатып алууларды жасап, ошонун айынан жокко чыккан болсо, саясий партиялар жоопко тартылышы керек. Бюджеттен шайлоого сарпталган каражатты күнөөлүү партия төлөп, шайлоо күрөөсү кайтарылбайт. Калган партияларга кайтарылат. Эгер Боршайком күнөөлүү болсо, чыгымдарды мекеме өзү төлөп бериши керек».

Мыйзам долбоор биринчи окууда жактырылды. Белгилей кетсек, күчүндө турган мыйзамда шайлоочулардын 5%дан көп добушун алган партияларга гана күрөөсү кайтарылып берилет. 4-октябрдагы парламенттик шайлоого катышуу үчүн 16 партия 5 миллион сомдон күрөө төккөн.

Copyright © 2017 Maral FM