Биз менен байланышыңыз

Күндүн нурун пайдалануу күн санап кечигүүдө [сүрөт]

Экономика | 27 Янв 2021 | 1884 | 0

Жыл сайын Бишкек ЖЭБи 1 млн 110 миң тонна көмүр жагып, ал үчүн өлкө казынасынан 4 млрд сом чыгымдалат. Экологияны таза сактоо максатында аны газга өткөрүү сунушталып келет. А бирок газга өткөргөн учурда жылына 520 млн куб метр газ керектелет. Бул — көмүргө салыштырмалуу эки эсе кымбат. Мындан улам ушул багыттагы адистер газ менен көмүрдүн ордуна Күн коллекторлорун орнотууну сунушташат.

Күндүн нурун пайдаланып, суу жылытуу тажрыйбасы «Бишкек жылуулук энергия» ишканасында 4 жылдан бери колдонулуп келет. Коммуналдык ишкананын жетекчиси Байымбет Байгараевдин айтымында, мындай ыкма экологияга таптакыр зыянын тийгизбейт. Мындан тышкары иштетүүдө адам күчү керектелбейт, чыгым да кетпейт.

«Эң биринчи 2017-жылы Гагарин отканасынын алдына 2 чарчы метрлик 374 даана коллектор орнотулган. 748 чарчы метр аймакты ээлеген коллектордун кубаты 540 киловатты түзөт».

Коллектор Күндүн нурун максималдуу сиңирип, ичиндеги жылыган сууну өзү тейлеген аймакка таратат. Ошол эле жылы Орто-Сай отканасына 160 киловаттык 120 даана коллектор орнотулган. Ал эми 2019-жылы Жал кичи районунда миң чарчы метр жерге ушундай эле жабдуу коюлган. Ал ошол аймактагы көп кабаттуу үйлөрдү жылуу суу менен камсыздап келет.

«Жабдуу Күн жылыган сайын ошончолук көп көлөмдөгү сууну жылытат. Экологиянын жакшыртуу максатында мындай ыкманы шаардагы башка жайларга да киргизүү пландалууда». 

Ал Күндүн нурун пайдалануу ыкмасы эл арасында да көбөйгөнүн айтат. Бишкек ЖЭБи шаардын 75 пайызын жылуулук жана жылуу суу менен камсыздайт. Анын куурлары жетпеген аймактарды карамагында 66 откана бар «Бишкек жылуулук энергия» коммуналдык ишканасы тейлейт. Алар тейлеген отканаларда ар кандай отундар, маселен, 22сине газ, 11ине электр, 22сине көмүр жагылат. Алардын үчөөнө жогоруда айткан коллектордук жабдуулар көмөктөшөт.

Copyright © 2017 Maral FM