Биз менен байланышыңыз

Шайлоо-2020: Партиялардын шайлоо күрөөсүн кайтаруу маселеси көтөрүлдү

Кыска кабар | 27 Янв 2021 | 731 | 0

Жогорку Кеңештин жалпы жыйынынын күн тартибине парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан учурда шайлоо күрөөсүн кайтарып берүү тартиби жөнүндөгү мыйзам долбоору киргизилди. Демилгечи депутат Улукбек Ормонов бул мыйзам азыркы мыйзамда шайлоонун жыйынтыгы жокко чыккан маалда күрөөнү кайтаруу тууралуу жобо жоктугунан улам иштелип чыкканын айтты.

«БШК ушундай мыйзам керек дегенинен азыр киргизип жатабыз. Мыйзам долбоору боюнча бардык партиялардын күрөөлөрү кайтарылып берилет», — деди Ормонов.

Эл өкүлү Сайдулла Нышанов мыйзам артка иштебей турганын айтып, ал кабыл алынган күндө да, өтүп кеткен шайлоого таасири тийбейт деди. Ошондой эле өлкө экономикалык каатчылыкта турган маалда партияларга күрөөнү кайтарбоо туура экенин билдирди.

Ал эми депутат Дастан Бекешев жыйынтыгы жокко чыккан шайлоо үчүн «Биримдик», «Мекеним Кыргызстан», «Кыргызстан» партияларын күнөөлөп, алардын күрөөлөрүн кайтарып алууга моралдык укугу жок экенин айтты.

Күчүндө турган мыйзамда шайлоочулардын 5%дан көп добушун алган партияларга гана күрөөсү кайтарылып берилет.

Copyright © 2017 Maral FM