Биз менен байланышыңыз

«Мыйзам 93»: Конституциялык кеңешме жана анын иши мыйзамсыз

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 606 | 0

«Башмыйзам-93» кыймылы Башмыйзамды өзгөртүп жаткан Конституциялык кеңешменин түзүлүүсүн жана анын ишин мыйзамсыз деп эсептейт. Алар Конституциянын 79-беренесине таянып, мыйзам чыгаруу жана демилгелөө укугуна Жогорку Кеңеш, Өкмөт жана элдик мыйзам демилгелөөчү топтор гана ээ экенин билдирет. Демилгелүү топтун мүчөсү Улар Оморов президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытовдун Указ менен Конституциялык кеңешме түзүүгө акысы жок экенин билдирди.

«Президенттин милдетин аткаруучу конституциялык кеңешти уюштурууга укугу жок. Экинчиден, президенттин милдетин аткаруучу: «Башмыйзамды өзгөртүп жаткан  кеңешменин ишине Юстиция министрлиги көмөктөшсүн жана ага катчылык кызматты аткарсын», — деп жатат. Бул президенттин Өкмөткө түздөн-түз кийлигишүүсү. Үчүнчүдөн, ал орган мыйзамсыз болгондуктан, ага эмнеге акча бөлүп жатат, кайсыл жактан акча бөлүнүп жатат? Жогорку Кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтү өтүп, конституциялык жыйын мыйзамсыз болуп калганда, элдин мыйзам чыгаруу демилгеси менен гана оңдоого болот», — дейт Оморов.

Ал Конституциялык кеңешме жөн гана консультативдик орган болушу керектигин айтат. Аталган кыймыл өлкөнү 1993-жылдын 5-майында кабыл алынган Башмыйзамга кайтарууну сунуштап келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM