Жаңы шайланган президент Садыр Жапаровдун ант берүү аземи республикалык телеканалдар аркылуу түз алып көрсөтүлөт. Журналисттер чакырылган жок.
Президенттин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, иш-чарага негизинен катардагы жарандар, коомдук ишмерлер, чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын, дипломатиялык корпустун өкүлдөрү чакырылган.
Журналисттердин чакырылбаганын өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал менен байланыштырышты. Маалыматка караганда, иш-чараны онлайн чагылдыруу үчүн шарт түзүлөт.
Ант берүү аземине жергиликтүү жана чет өлкөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын жетекчилери конок катары чакырылат.
Садыр Жапаровдун ант берүү аземи 28-январда өтөт.