Биз менен байланышыңыз

Пара алууга шектелген активист үй камагына чыкты

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 578 | 0

«Кыргыз темир жолу» ишканасынын жетекчилигинен пара алууга шектелип кармалган Улан Жураев аттуу жаран үй камагына чыгарылды. Бул тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, Жураев тергөө менен кызматташууга макул болгон. Шектүү 2021-жылдын 9-мартына чейин үй камагында болот.

УКМК «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынын жетекчилигинен 250 миң доллар талап кылган деген шек менен жарандык активисттер Мелис Аспеков жана Улан Жураевди кармаган.

Биринчи май райондук сотунун 10-январдагы чечими менен шектүүлөр 9-мартка чейин камакта калтырылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM