Биз менен байланышыңыз

Бишкекте «Борбор Азия-Европа Биримдиги» алгачкы экономикалык форуму өтөт

Кыска кабар | 26 Янв 2021 | 568 | 0

Быйыл Бишкекте «Борбор Азия-Европа Биримдиги» алгачкы экономикалык форуму өтөт. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Равшан Сабиров өкмөт үйүндө өткөн жыйында айтты. Кеңешмеде форумга карата даярдыктар талкууланды.

Форумдун биринчи кеңешмеси июль айында Борбор Азия мамлекеттеринин премьер-министрлеринин, Европа институттарынын жетекчилигинин, Евробиримдикке мүчө мамлекеттердин жетекчилеринин, бизнес-өкүлдөрүнүн катышуусунда өтөт.

Форум жашыл экономиканы алга жылдыруу өнөктөштүгү алкагындагы трансчек аралык мүнөздөгү инновациялык, энергия жана ресурс үнөмдөөчү долбоорлорго көңүл бурат.

Равшан Сабировдун маалыматына караганда, Европа Биримдиги жашыл экономиканы өнүктүрүүгө 1,3 трлн евро бөлүүдө. Борбор Азия-Европа Биримдиги өнөктөштүгү бул жаатта кызматташтыкты чыңдоого умтулат.

Форум ротациялык негизде Борбор Азиянын ар кыл мамлекеттеринде өткөрүлөт. Равшан Сабиров Бишкекте өтө турган форумду өткөрүү үчүн даярдык көрүү, ал үчүн уюштуруу комитетин түзүүнү тапшырды.

Copyright © 2017 Maral FM