Биз менен байланышыңыз

Терек-Сайдагы окуяны комиссия териштирип жатат

Коом | 25 Янв 2021 | 1243 | 0

Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы «Эти Бакыр Терек-Сай» ишканасындагы абалды мекемелер аралык комиссия иликтеп жатат. «Кыргызалтын» ААКнын төрагасынын орун басары Талант Казаковдун айтымында, аталган ишкана алтынды өндүрүүдө цианид затын колдонбойт. Казаков «Уулуу заттар сакталган жайлар ачылып кетип, дарыяга цианид төгүлгөн» деген маалыматты төгүндөдү.

23-январда саат 16:36да кенди иштеткен фабрикага караштуу саркынды суу сакталуучу жай ачылып кетип, сайдагы агын сууга кошулган. Жергиликтүү бийлик калдык түшкөн жердин төмөн жагындагы айылдын элине кайрылып, дарыянын суусун ичпей туруу зарыл экенин эскерткен.

Айыл тургундарынын бири Азамат Мырзагулов эл дарыядагы сууну пайдалануудан кооптонуп жатканын, бул күндөрү «Эти Бакыр» ишканасы таза суу жеткирүү ишин колго алганын билдирди. Ал мындай окуялар буга чейин да бир-эки жолу катталганын эске салып, кенди иштетүүдө биринчи кезекте элдин саламаттыгы, коопсуздугу эске алынуусу керек деген ойдо.

Учурда мекемелер аралык комиссия суунун курамын, окуянын келип чыгуу себебин териштирүүдө. Ага чейин ишкана кырдаалдын өнүгүшүн чектөөгө алган. Ал жергиликтүү элдин жашоосуна жана айлана-чөйрөгө коркунуч жаралбай турганын билдирди.

Чаткалдын Терек-Сай айылындагы «Ашуу», «Терек» жана «Тереккан» кендерин Түркиянын «Eti Bakır» компаниясы иштетет. Андан өндүрүлгөн алтындын кирешесинин 75 %ына «Eti Bakır», 25 %ына «Кыргызалтын» ААКы ээлик кылат.

Copyright © 2017 Maral FM