Кечээ 23-январда социалдык тармактарда мончодогу зордуктоо боюнча видео тарады. Окуя Кыргызстанда болгондугу айтылып, коомчулук факты боюнча катаал чара көрүүнү талап кылышты. Ошол эле учурда Ички иштер министрлиги бул кылмыш иши Кыргызстанда болбогонун айтып, коомчулукту такталбаган маалыматтарга ишенбөөгө чакырды. Мындан улам «Жарандар маалыматты кантип туура талдашы керек? Бул сыяктуу кептерге жапырт ишене берүү эмнеге алып келет?» деген темада кеп кылууну туура көрдүк.
23-январь күнү социалдык тармакта тараган мончодогу зордуктоо аракети боюнча видеону Ички иштер министрлиги териштирип, Кыргызстанда болгон эмес деген бүтүм чыгарды. ИИМдин маалымат бөлүмүнүн кызматкери Адинай Шаршеева бул боюнча тактоо иштери уланарын маалымдап, жарандарды такталбаган маалыматтарды таратпоого чакырды.
«Бул боюнча азыркы тапта иликтөө жана тактоо иштери жүргүзүлүп жатат. Аталган видеоролик боюнча иликтөө жана издөө иш-чараларынын жүрүшүндө аныкталган маалыматтарга ылайык, ал Кыргызстандан сырт жерде тартылган, КР ИИМ аталган окуянын чоо-жайын тактоо максатында ошол мамлекетке ыйгарым түрдө суроо-өтүнүчүн жиберген. Фактынын биздин өлкөгө тиешеси жок. Кийинчерээк толук маалымат берилет. Баарыңыздарды чагымчылдыкка алдырбай, тастыкталбаган маалымат таратпоого чакырабыз».
Такталбаган маалыматты таратуу, ага ишенүү коомдогу медиасабаттуулук маселесин кайра көтөрдү. Журналист Болот Темиров бул ишти коомдун маалыматка болгон мамилесинин көрүнүшү катары баалады. Ал айтылган же жазылган кептин баарына ишенүүгө болбосун, териштирүү менен кабыл алуу керектигин эскертет.
«Негизи, сен канчалык деңгээлде чындыкты издесең да, бирөөнө зыян келтирбешиң керек, мен ойлойм, бардык адам дайыма: «Бул чынбы же жалганбы?» — деген суроо бериши керек да. Дароо эле ишене бербөө керек. Бул — коомдун коопсуздугу. Анын чын же жалган экенине далил табыла элек».
Бул окуядан улам жаңы өсүп келе жаткан өспүрүмдөрдүн абалына тынчсыздангандар да бар. Биринчи май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков тарбиядан, билимден аксаган муун өсүп жетилгенин, алардын кесепети жаштарга да тийип жатканын айтат. Ал мисал катары чоң муштумдардын коомдо абройлуу адам катары саналып, үлгү болуп жатканын, чоң кызматтарга келип жатканын келтирди. Идеологиялык, тарбиялык баалуулуктарды эске алып, бул үчүн атайын мыйзам кабыл алынышы зарыл деп эсептейт.
«Айтайын дегеним, социалдык тармактарда жоопкерчилик жок бүгүн. Ортодон чыккан троллдор, фейктер, түшүнүксүз бир маалыматтык агенттиктер өзүнүн максаты үчүн коомдун пикирин бир жакка буруу, дүрбөтүү, туура эмес жакка баштоо аракеттерин көрүп жатышат. Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан сөз эркиндигин чектебей турган адекватуу, ошол эле учурда адамдардын жоопкерчилигин сездире турган мыйзам кабыл алынышы зарыл».
Медиаэксперт Илим Карыпбековдун айтымында, азыркы технологиянын заманында мындай видеолор көп тарайт. Ошондой эле мындай учурда коом өзү укук коргоочу боло калбай, ишти тактап берүү үчүн укук коргоочуларга кайрылууну сунуштайт.
«Эми видеону карасак, кыргызчага окшогон сөздөр айтылууда. Жалпысынан талдап көргөндө деле, зордуктоо болдубу, болгон жокпу, ал жерде так-даана белгисиз. Балким атайын бирөөнү кыйкыртып коюп, жөн эле шоу кылып атышат, ким билет? Бул — биринчиден. Экинчиден, бул кыргыздарбы, Кыргызстанда болгонбу, бул да чоң маселе. Муну да иликтөө зарыл. «Бул боюнча өз оюңду айтып кой», — деп көп адам кайрылды, мен айткан жокмун. Себеп дегенде биз күтүшүбүз керек. Укук коргоо органдары: «Биз иликтеп жатабыз», — деди. Демек сабырдуулук менен күтүшүбүз керек аларды».
Кыргызстанда мындай такталбаган маалымат таратуу, коомго дүрбөөн салуу буга чейин да болуп келген. Айрыкча интернет тармагы өлкөдө кеңири өнүккөнү бул өңдүү чуулгандуу окуялар социалдык тармактарга көбүрөөк чыгарылууда. Анын чын-бышыгын тактабай туруп талкуулай берүүгө болбосун, мындан айрым бир тараптар жапа чегип калуусу мүмкүн экенин медиаэксперттер байма-бай эскертип келишет.