Биз менен байланышыңыз

Статком: Аялдарга карата кылмыштардын саны өсүүдө

Кыска кабар | 25 Янв 2021 | 1296 | 0

Кыргызстанда 2019-жылы аялдарга карата 4,4 миң кылмыш жасалган. Бул 2018-жылга салыштырмалуу 14 пайызга көп. Мындай маалыматты Улуттук статистикалык комитет таратты.

2019-жылы 2018-жылга салыштырмалуу адам уурдоо 2,3 эсе, зордуктоо 2,1 эсе жана адам сатуу 2 эсе көбөйгөн.

Ошондой эле, аялдарга карата мажбурлап никеге тургузуу менен байланышкан 24 кылмыш, диний ырым-жырымдарды өткөрүүдө нике курагы жөнүндө мыйзамдарды бузуу боюнча 11 кылмыш катталган.

Статкомдун маалыматына караганда, үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын көпчүлүгү кризистик борборлорго жана сейрек учурларда гана башка мекемелерге кайрылышат. 2019-жылы ушундай мекемелерге үй-бүлөлүк зомбулук боюнча 7818 адам кайрылган, анын 85 пайызы аялдар болгон.

Үй-бүлөлүк зомбулуктан жабыркагандардын жана кризистик борборлорго кайрылгандардын үчтөн бири — 18-34 жаш курагындагы аялдар. Ал эми улуу курактагы аялдар азыраак кайрылышат.

Кылмыш жасаган адамдардын арасында эркектер басымдуулук кылат. 2019-жылы алардын саны 16 миңден ашык болуп, кылмыш жасаган адамдардын жалпы санынын 83%ын түздү.

Кылмыш ишин жасагандардын эң жогорку курагы 29 жаш жана андан жогору, эң төмөнү — 14-17 жаштагы жашы жете элек өспүрүмдөр.

Copyright © 2017 Maral FM