Биз менен байланышыңыз

Вашингтон Токиону Пекинден коргоого даяр

Дүйнө | 24 Янв 2021 | 555 | 0

Пентагондун жаңы жетекчиси Ллойд Остин 23-январдын кечинде Япониянын Коргоо министри Нобуо Киси менен сүйлөшүүсүндө АКШ Кытай талашып жаткан Сенкаку аралдарын коргоого даяр экенин билдирди. Мындай маалымат Пентагондун сайтына жарыяланды:

— Министр Остин АКШ жана Япониянын ортосундагы «Коопсуздук жөнүндө» келишимдин 4 беренесине Остин аралдарынын маселеси тиешелүү экенин белгиледи, — деп айтылат маалыматта.

АКШ менен Япониянын ортосундагы «Коопсуздук жөнүндө» келишим эки өлкөнүн бирөөнө куралдуу коркунуч жаралганда, биргеликте коргонуу шартын карайт.

Сенкаку аралдары Кытай менен Япониянын ортосундагы аймактык талашууда болуп келет. Токионун версиясы боюнча Сенкаку 1895-жылдан бери Японияга карайт. Бирок, Пекин талаштагы аралдар картада 1783-1785-жылдары Дяоюйдао деген аталышта Кытайдын аймагында болгонун жүйө кылып, Япониянын билдирүүсүн жокко чыгарып келет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM