Биз менен байланышыңыз

Италияда дүйнөлүк масштабдагы мафиянын үстүнөн ири сот жараяны башталды

Дүйнө | 24 Янв 2021 | 601 | 0

Бул өлкөнүн жана дүйнөнүн тарыхындагы акыркы 30 жыл ичиндеги мафияга каршы эң ири сот процесси болуп калды. Ламеция-Терм шаарында өтүп жаткан сот иши маалымат каражаттарында «экинчи максипроцесс» деп аталды. Биринчиси 1987-жылдагы «Коза Ностра» мафиясына каршы өткөн.

Соттолуучулардын жалпы саны 447 ге жетип, мафиянын мүчөлөрүнүн атын атоого жана кылмыш иштеринин дарегин айтууга 3 саат кеткен. Учурда 92 айыпталуучу бир катар кылмыштарга катышы барын мойнуна алды.

«Ндрангета» мафиясы дүйнөлүк масштабда активдүү ишмердүүлүк жүргүзүп, эл аралык ири наркотрафиктин коридорун түзүүгө жана адам уурдоо, өлтүрүү, каракчылыкка айыпталууда. Сот жараянына 900дөн ашык күбө жана 400 жактоочу катышканы айтылууда.

Мафия Италиянын эң кедей Калабрия провинциясында негизделген. «Eurispes» изилдөө институту «Ндрангетанын» кирешесин 50 млрд евродон ашык баалайт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM