Биз менен байланышыңыз

Максат Мамытканов Улуу Британиянын элчиси менен жолугушту

Кыска кабар | 22 Янв 2021 | 607 | 0

Вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Максат Мамытканов Улуу Британиянын жана Түндүк Ирландиянын Кыргызстандагы Элчиси Чарльз Гаррет менен жолугушту.

Тараптар кыргыз-британ кызматташтыгын, анын ичинде мыйзам үстөмдүгү, коррупцияга каршы туруу, сөз эркиндиги, жашыл экономика жаатындагы маселелерди талкуулады.

2021-жылдын 1-12-ноябрында Шотландияда өтүүчү конференцияга катышуу маселеси талкууланды.

Максат Мамытканов 10-январда өткөн президенттик шайлоо жана референдум жогорку деңгээлдеги уюшкандык менен өткөндүгүн айтып берди.

Тараптар ошондой эле бардык деңгээлдеги кыргыз-британ байланыштарын жандандыруу, биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу тууралуу сүйлөшүштү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM