Биз менен байланышыңыз

«Ош электр» ишканасынын мурдагы башкы директору кармалды

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 636 | 0

«Ош электр» ААКнын мурдагы башкы директору Дыйканбай Даминов кармалды. Маалыматты Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы кабарлады.

Финансы полициясына жеке компаниянын директору «Ош электр» ишканасынын жетекчилигине карата чара көрүү тууралуу арыз менен кайрылган.

Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 326-беренесинде (опузалап пара талап кылуу) каралган кылмыш белгилери боюнча катталган.

Финполдун маалыматына караганда, «Б» аталышындагы жабык акционердик коому тендерден утуп, аткарылган иштери үчүн «Ош электр» ишканасынан 6 миллион сомго жакын карызды төлөөнү талап кылышкан. Ал эми ишкананын директору пара түрүндө жеке банктык эсебине 1 миллион сом которуу талабын койгон.

20-январда «Ош электр» ААКнын мурдагы башкы директору Дыйканбай Даминов опузалап пара талап кылуу фактысы боюнча кармалды.

19-январь күнү «Жалал-Абад электр» ишканасынын бөлүм башчысы 90 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM