Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан: Аялдардын билим деңгээли эркектердин билим деңгээлинен жогору

Кыска кабар | 21 Янв 2021 | 1286 | 0

Кыргызстанда аялдардын билим деңгээли эркектердин билим деңгээлинен жогору. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин маалыматтарында айтылат.

2019-жылы иштегендердин жалпы санында жогорку кесиптик билими бар аялдардын үлүшү 27 пайызды, эркектер – 18 пайызды түздү. Кесиптик орто билими бар аялдар 17%, эркектер 8% болгон.

Иштеген эркектердин арасынан башталгыч кесиптик билим алган жактардын үлүшү — 10 пайызга жакын, аялдар арасында – 5 пайызды түздү.

2019-2020-окуу жылынын башталышына карата жогорку кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында кыздар 52%ды, ал эми орто кесиптик окуу жайлардын студенттеринин арасында 56%ды түздү.

Муну менен билим берүү, кеңири керектелүүчү товарлардын технологиясы, саламаттыкты сактоо, маданият, искусство, сервис сыяктуу адистиктерге окутууда салттуу түрдө кыздар басымдуулук кылганы байкалган.

Эркектер машина куруу жана металл иштетүү, токой ресурстарын кайра иштетүү, пайдалуу кендерди иштетүү, курулуш жана архитектура, электрондук техника, энергетика иштетүү менен байланышкан кесиптерди тандашат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM