Ош шаарынын аймагында баңгизаттарды даярдоодо колдоно турган ири көлөмдөгү химиялык заттарды ташуу иштерине бөгөт коюлду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кабарлады.
19-январда УКМК Кылмыш-жаза кодексинин 269-беренесинин 3-бөлүмү (Прекурсорлордун мыйзамсыз даярдалышы) боюнча териштирүү баштаган.
Анын алкагында, унаанын жүк салынуучу бөлүгүнөн 1 тоннадан ашык болгон ичинде белгисиз суюк зат бар 42 даана ящик табылды. Экспертизанын жыйынтыгында, табылган суюк зат болжол менен 20-21 пайызды түзгөн «Аммиак суусунун» эритмеси экени аныкталды.
Бул факт боюнча жүктүн ээси Ж.И. аттуу жаран кармалды. Учурда бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо иштери улантылууда.
«Аммиак суусу» амфетамин түрүндөгү стимуляторлорду жана башка психотроптук заттарды мыйзамсыз өндүрүүдө колдонулат, ал атайын эл аралык жана улуттук көзөмөлгө алынуучу заттардын чектелген тизмесине киргизилген.