Биз менен байланышыңыз

Бишкек: 1-5-9-11-класстар мектепке барып окуп башташат

Кыска кабар | 18 Янв 2021 | 728 | 0

Бүгүн, 18-январдан баштап Бишкек шаарындагы мектептерге 1-5-9-11-класстар барып окуп башташат.

Балдар 1-февралга чейин эки нөөмөттө окушат, класста шахмат түрүндө отургузулат. Ал эми адистер, эпидемиологдор пандемия учурундагы  билим берүү процессине көз салышат.

Эгер көрсөткүчтөр туруктуу болсо, болжол менен экинчи этап башталат — бардык окуучулар мектепке барып, билим ала башташат.

Мектептерде консервацияланган күндүзгү ооруканалар жайгаштырылат, техникалык камсыздоо Үй-бүлөлүк медицина бөлүмүнө өткөрүлүп берилет, керебеттер жана башка шаймандар сактоо үчүн тиешелүү кызматтардын балансына өткөрүлөт.

Шаардык милиция коомдук транспорттун айдоочуларын окуучуларга аяр мамиле жасоого чакырат. Жолдордо жана аялдамаларда балдар бар жерден абайлап өтүүнү өтүнөт.

20-январдан тарта Ош облусунун аймагында мектептер кадимки тартипте иштеп баштайт.

Учурда Ошто 264 мектеп реалдуу режимде, 281 мектеп алгоритм аркылуу, эки мектеп онлайн режимде окутууда.

2020-2021-окуу жылында Ош облусу боюнча 547 жалпы билим берүүчү мектеп иштеп жатат. Облус боюнча жалпы 249 миң 932 окуучу билим алса, 188 миң 63 мугалим эмгектенет.

Copyright © 2017 Maral FM