Биз менен байланышыңыз

Бейшеналиев Кара-Суудагы шприц чыгарган ишканага барды

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 629 | 0

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Кара-Суу районундагы шприц чыгаруучу ишкананын иши менен таанышты. Жеке өндүрүшчү Канатбек Кадыров мурда шприцтер менен түштүк аймагы гана камсыздалып келсе, жакынкы убакыттарда өлкө аймактарына да жайылтыларын айтты.

Анда негизинен 5 жана 10 граммдык шприцтер, инсулин алуу үчүн атайын шприцтер чыгарылат.

“Калкты шприц менен камсыздап, саламаттыкты сактоого өбөлгө түзүп жатабыз. Мурда өзүбүздүн гана түштүк аймагын камсыздасак, быйылкы жылы республиканы камсыз кылганга жетиштик. Ал эми жакын арада медициналык кол каптарды да чыгарууну пландап жатабыз”, дейт жеке ишкер.

Министр мындай кадамдар өлкө үчүн жеңилдик экенин, мындай учур талабына ылайык ишкердикти колдоо керектигин айтып, ишкана жетекчисине ыраазычылыгын билдирген.

Учурда саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин өлкөнүн түштүк аймагында иш сапары уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM