Биз менен байланышыңыз

Бишкек милициясы кичи автобус айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 648 | 0

Бишкек шаардык милициясына кичи автобус айдоочуларынын ортосунда ишке чыкпоо, нааразычылык акциясын уюштуруу сыяктуу чакырыктар тарап жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Мындан улам Бишкек ШИИБи маршруттук таксилердин айдоочуларын жеке кызыктар тараптарга жана чагымчыл күчтөргө ишенбөөгө чакырат.

«Борбор калаада коомдук тартипти туруксуздаштыруу өлкө мыйзамын бузуу болуп саналат. Ошондуктан шаардык милиция маршрутка айдоочуларын чагымчылдыкка алдырбоого чакырат. Чагымчыл тараптарга ишенип, коомдук тартип бузула турган болсо, коомдук транспортто же көчөдө жарандардын коопсуздугуна коркунуч жаралса, менчик жана мамлекеттик мүлктөр жабыркаса, олуттуу чаралар көрүлөт»,  — деп айтылат маалыматта.

Милиция ошол эле маалда айдоочулар коом үчүн өтө зарыл жана чоң иш аткарып жатканын эстен чыгарбашы керектигин белгилейт.

12-январда Бишкек шаардык кеңеши, мэрия жана шаардык кызматтардын өкүлдөрү жеке менчик ташып жеткирүүчү компаниялардын жетекчилери менен жолугуп, анда жол кирени көтөрүү маселеси козголгон.

Маршрутка айдоочулары күйүүчү май, тетиктер кымбаттаганына байланыштуу жол кире акысын 15 сомго жогорулатууну суранышкан.

Мэрия маршрутка айдоочуларынын койгон талаптарын караган жумушчу топ түзгөнүн, бул маселе акырындык менен чечилерин билдирген.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM