Биз менен байланышыңыз

Жалал-Абад: 11 тез жардам унаасы тапшырылды

Кыска кабар | 17 Янв 2021 | 460 | 0

Жалал-Абад облусундагы тез жардам бөлүмдөрүнө 11 жаңы унаа тапшырылды. Өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, тез жардам унаалары Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражат эсебинен алынган.

Облус аймагына иш сапары менен барган Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев коронавирус илдети эң алгачкылардан болуп Жалал-Абадда катталганын, бул багыттагы шарттарды дагы да жакшыртуу аракеттери көрүлүшү керектигин белгиледи.

Облус башчысы Абсаттар Сыргабаев аймактарда тез жардам унааларына болгон муктаждык дагы да бар экенин белгилеп, пандемия шартында бир топ медициналык мекемелердеги кемчиликтер байкалганына токтолду.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM