Биз менен байланышыңыз

«Аралыктан окутуу окуучулар арасында көз оорусун күчөттү»

Аралыктан окутуу окуучулар арасында көз оорусун күчөттү. Бул тууралуу офтальмолог Бактыгүл Мамытова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, адам электрондук китепти кадимки китептен 25 % жай окуйт. Андыктан онлайн билим алып жаткан окуучу, студент ар бир 20-30 мүнөт сайын көзүн сергитип, көнүгүүлөрдү жасап, эс алып турушу зарыл.

Көз мүнөтүнө 18 жолу ирмелип турушу керек. Ал эми экранды карап отурганда, көпкө ирмелбей калат.

«Бирде алысты, бирде жакынды карасак, көз эс алып, булчуңдары жакшы иштейт. Көздүн көрүүсүн сактоо үчүн таза абада басып, пайдалуу тамактануу зарыл. Көрүүсү начарлаган жаран дароо офтальмологго көрүнүшү кажет. Анткени көздүн начарлашы менен коркунучтуу дарттар чыгып калышы мүмкүн», — дейт Мамытова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM