Биз менен байланышыңыз

«Төрөттөн соң, көз начарлап кетпеши үчүн С витаминин ичүү керек»

Төрөттөн соң, көздүн көрүүсү начарлап кетпеши үчүн С витаминин ичүү керек. Бул тууралуу офтальмолог Бактыгүл Мамытова «Маралга» берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, төрөт маалында айымдар күчтүн баарын башка бергенде, кан тамырлардын коргоочусу алсыз болсо, жарылып кетет. Анын алдын алуу үчүн коргоочуну чыңдоо керек.

«Ал үчүн C витаминин ичүү керек. Лимон, мандарин, сабиз С витаминине бай. Курсактагы баланын көзүнө кам көрүү үчүн витаминдердин комплексин, фолий кислотасын ичүү керек. Мындан сырткары көздүн көрүүсүн жакшырткан азык-түлүктөрдү колдонуу маанилүү. Маселен, тооктун жумурткасы, шпинат, брокколи, жашыл алма энеге да, балага да пайдалуу. Кош бойлуу айым тамак-аш, жытка ууланып калбашы керек», — дейт Мамытова.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM