Биз менен байланышыңыз

Жаш балдардын көз оорулары көбөйдү

Акыркы 5 жылда жаш балдардын көз оорулары көбөйдү. Бул тууралуу офтальмолог Кыял Бакалбаева «Мединфо» программасына берген маегинде билдирди.

«Акыркы 5 жылда 7 жашка чейинки балдарда көздүн миопия оорусу көбөйдү. Себеби, балдар смартфонду көп колдонуп жатышат. Бул оору буга чейин мектеп курагындагы балдарда кездешчү. Акыркы учурдагы онлайн окуу да балдардын көзүнө зыянын тийгизүүдө. Ата-энелер, балдардын ар бир 40 мүнөт сайын көзүн эс алдыруусун көзөмөлдөңүздөр. Ошондой эле көз доктурга барып, керектүү кеңештерди алып коюңуздар. Мектеп курагына чейинки балдардын көзүнүн бузулушун алдын алуу үчүн сматфондорду бербеген туура болот. Эч болбосо 1 күндө 40 минутадан ашык көрүүсүнө тыюу салып коюу зарыл», — дейт офтальмолог.

Миопия оорусуна чалдыккан адам алысты көрө албай калат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM