Биз менен байланышыңыз

Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Сайпидиновдун баш коргоо чарасы аныкталууда

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 417 | 0

Кара-Суу районунун Савай айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Сайпидиновдун баш коргоо чарасы аныкталууда. Ишти Ош шаардык соту карап жатат.

Сайпидиновго Кылмыш-жаза кодексинин 320-беренесиндеги кылмыш белгилери боюнча иш ачылган.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети 12-январда Сайпидиновду кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу фактысы боюнча кармаган.

УКМКнын маалыматына караганда, Савай айылындагы мектептин спорт залын курууда аткарылган жумуштун көлөмү 1 миллион сомдон ашык суммага ашыкча көрсөтүлгөн. Ошондой эле спорт зал сапатсыз абалда колдонууга берилген.

Мындан тышкары, Ош шаарында жана Ош облусунда ар кандай кылмыштарды жасагандыгы үчүн уюшкан топ түзүү фактысы тергелип жатат. Мунарбек Сайпидинов бул иште күбө катары өтүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM