Биз менен байланышыңыз

Чокоевдин долбоору: Министрлик бир катар чечимдерди кабыл алды

Кыска кабар | 13 Янв 2021 | 1317 | 0

Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун терс пикирин жараткан ырчы Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, бир катар чечимдерди кабыл алды.

Министрликтин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган «Маданияттын мыкты кызматкери» төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.

Кайрат Примбердиевди «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамынан ажыратуу сунушу Президенттин аппаратына жөнөтүлдү.

Мындан тышкары министрликтин тиешелүү мекемелерине аталган ырчыларды мамлекеттик маданий иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталды.

Чокоевдин чырдуу долбоору, тараптардын пикирлери

«Марал» радиосу Курал Чокоевдин интернетте талкууга алынган долбоорун маданий, тарбиялык жана этикалык баалуулуктарга каршы келет деп эсептейт. Ошол себептен аталган маданият өкүлүнө бойкот жарыяланып, өзүн ар кандай берүүлөргө чакырууну, эмгектерин эфирден чыгарууну токтоткон.

«Марал» радиосу коомдун маданий, тарбиялык баалуулуктарына аяр мамиле жасайт жана анын туура нукта жүрүшүнө салым кошуп келет.

Copyright © 2017 Maral FM