Биз менен байланышыңыз

ДИН жана САЯСАТ: Диний риториканын шайлоого таасири азаюуда

Блог , Шайлоо-2021 | 12 Янв 2021 | 1572 | 0

10-январда  мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Ага 17 талапкер ат салышты. Талапкерлердин диний ишеними жана намаз окуганы шайлоочуларга канчалык таасир бергенин диний адабияттарды талдоо боюнча адис Эсен Өмүракунов айтып берди.

— Эсен мырза, айтсаңыз, Кыргызстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо болуп өттү. Сиздин баамыңызда бул жолку шайлоодо талапкерлердин намаз окуганы, диний ишеними шайлоочуга канчалык таасир берди?

— Мыктыбек Арстанбек Кыргызстан боюнча жалпысынан 1,74 % добуш алып, 4-орунга чыгыптыр. Муну салыштыруу үчүн динамикадан көрүшүбүз керек. А бирок мурунку шайлоолордо диний фактор көп роль ойнобогондуктан, алар менен салыштырсак болбой калат. Ошондуктан 2020-жылы 4-октябрда болуп өткөн парламенттик шайлоо менен салыштырсак болот. Анда Нуржигит Кадырбеков жетектеген «Ыйман Нуру» партиясы 3,37 % алган, азыркы кезде ошол эки динамиканы салыштырганда кызыктуу парадокстор чыгып жатат. Жалпысынан алганда, депутаттыкка аттанган Нуржигит Кадырбековго көбүрөөк добуш берилген. Ошол кезде да Кадырбековдун диндарлыгына көңүл бурулган көбүнчө. Себеп дегенде, бул жерде регионалдык фактор роль ойногон эмес. Түштүктү алсак, эң көп добушту Баткен облусунан алган, 2,96 % түзгөн. Бирок түндүктө эң көп Нарын облусунан 6,58 % алган. Андыктан бул жерде диний фактор роль ойногон, регионалдык фактор ойногон эмес. Жалпысынан түштүктө Нуржигит Кадырбеков 2,33 % алган, түндүктө болсо 5,01 % алган. Ошол себептерден, парламенттик шайлоодо диний фактор чоң роль ойногон. Президенттик шайлоого аттанган талапкер Мыктыбек Арстанбекти карасак, тескерисинче, регионалдык фактор көбүрөөк роль ойноп жатат. Бул жерде балким Садыр Жапаровдун феномени, ал да диндарларды кандайдыр бир деңгээлде өзүнө тарткандыктан болуп жатат. Мисалы, Мыктыбек Арстанбек түштүктө эң көп добушту Ош шаарынан 4,93 % алган. Эң аз Баткен облусунан 1 % алган. Түндүктөн көп ала алган жок. Демек, Мыктыбек Арстанбекте регионалдык фактор роль ойногон. Жалпы Кыргызстан боюнча 1,74 % алган. Бишкектен Мыктыбек Арстанбек 0,92 % алды, Кадырбеков болсо 4,85 % алган. Ошондуктан 10-январда өткөн шайлоодо диний фактор көп роль ойногон эмес, тескерисинче азайган.

— Көпчүлүктүн диний ишенимине таасир этүү мурунку президенттик шайлоолордон айырмаландыбы?

— Жалпы элдин диний ишенимине жакында өткөн президенттик шайлоодо таасир этүү аракеттери көп болду, бирок таасир бере алган эмес. Эгер Сооронбай Жээнбековдун намаз окуганы шайлоодо утуп чыгуусуна кандайдыр бир таасир эткен болсо, азыркы кезде, тескерисинче, буга чейинки 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоого салыштырганда диний фактордун таасир берүүсү азайган. Андан кийинкиси, мусулмандардын фрагменттешип, социалист, либерал, мекенчил, глобалист, батышчыл, орусчул болуп бөлүнгөнү — диний көз караш үчүн жакшы, саясий маданияттын мусулмандардын арасында да калыптанып жатканынын белгиси. Анткени саясий идеология мусулманчылыктан же динден чыгарбайт адамды. Ошондой өзүнүн дүйнөгө жараша, мамлекеттин өнүгүүсүнө жараша көз караштары ар түрдүү болгону — аябай жакшы көрсөткүч. Эң негизгиси, Кыргызстан фанатизм менен диний лидерге берилип кетүү коркунучунан өттү десек болот. Бирок толугу менен өтүп кеттиби, аны жакында Конституция боюнча референдум да, парламенттик шайлоо да көрсөтөт.

— Бул шайлоодо алгачкы ирет диний чөйрөдөн Мыктыбек Арстанбектин катышуусу, анын шарият мыйзамдарын алып келем деген билдирүүлөрү эмнеден кабар берет?

— Саясий шайлоолордо диний күндем биринчи жолу 2020-жылы 4-октябрда активдүү колдонулду. Ал кезде «Ыйман Нуру» партиясын жетектеген Нуржигит Кадырбеков муну ачык-айкын колдонуп чыкты. Бирок «Шарият мыйзамдарын киргизебиз», — деп, эң биринчи Мыктыбек Арстанбек президенттик шайлоодо айтты. Эми экөөнүн алган добуштарын салыштырсак, Мыктыбек Арстанбектин мындай шариятты киргизүү чакырыктары тескерисинче, мусулмандардан да, мусулман эместерден да күтүлгөн бир натыйжа алган жок. Ошондуктан дин менен коомдук саясий активизмди, коомду бириктирген ураандар болобу, чакырыктар болобу, кандайдыр бир программа керек экени түшүнүктүү болуп калды. Эң негизгисин карасак, кайсы тайпа көңүлгө алынышы керек дегенде, азыркы президенттик шайлоодо 40 % шайлоочу гана катышкандыктан, жок дегенде 40 %ы бардык мүмкүнчүлүктөрү болуп туруп, ошол шайлоого катышкан жок. Демек, бул жерде көбүнчө жаштар катышкан жок. Ошон үчүн диндар болобу, болбойбу, учурда жаштардын көбү изденүүдө, ошолорго керектүү, аларга ким болсо да бириктирген, кандайдыр бир жакшы риторика керек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM