Биз менен байланышыңыз

13-январда көпчүлүк аймакта кар жаайт

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 458 | 0

Кыргызгидромет борборунун маалыматына караганда, 13-16-январь күндөрү күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүү коркунучу бар.

Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 68-100 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу), Красная Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдарында жана Ала-Бука-Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 61-85 чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы) кар көчкү түшүүcү мүмкүн.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.

Эртең, 13-январда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым райондорунда кар жаайт.

Күндүз Чүй, Ысык-Көл, Нарын облусунун басымдуу аймактарында, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткендин кээ бир райондорунда кар жаайт.

Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, айрым райондордо 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…-7, күндүз -3…+2;

Таласта түнкүсүн -6…-11, күндүз +1…+6;

Баткенде түнкүсүн -2…-7, күндүз +4…+9;

Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн -5…-10, күндүз +2…+7;

Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -2…+3;

Нарын жергесинде түнкүсүн -16…-21, күндүз -8…-13;

Бишкекте 13-январда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7, күндүз 0…+2 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM