Биз менен байланышыңыз

«Пакыр Калла» каймана аты бар уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 500 | 0

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы кабарлады.

2020-жылдын 30-декабрында Сузак райондук милициясына 1983-жылы туулган Т.Б. аттуу жаран оң жак көкүрөгүнө учтуу нерседен жараат алып, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Сузак РИИБнин тергөө-ыкчам тобу окуя болгон жерде кароо жүргүзүп, тиешелүү материалдар чогултулган.

Бул факты боюнча топтолгон материалдар Жазык кодексинин 266-беренеси (Ээнбаштык) менен катталып, териштирүү башталган.

Натыйжада жабырлануучунун айылдашы, мурда бир нече жолу соттолгон, «Пакыр Калла» каймана аты бар Б.Б аттуу уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалган. Ал убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM