Биз менен байланышыңыз

Соцфонддун Таластагы жетекчиси пара берип жатып кармалды

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 450 | 0

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси Ы.И.С. 70 миң сом пара берип жатканда кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет кабарлады.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 328-беренеси (пара берүү) боюнча иш козголгон.

УКМКнын маалыматына караганда, ал иш сапар чыгымдарына бөлүнгөн бюджеттик каражаттарды өзүнө алып алган. Бул факты боюнча козголгон кылмыш ишин токтотуу үчүн УКМКнын кызматкерине 70 миң сом акча сунуш кылган.

Социалдык фонддун Талас райондук башкармалыгынын жетекчиси 11-январда убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө иштери жүрүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM