Биз менен байланышыңыз

Жогорку Сотто Жээнбековдорго байланыштуу иш каралууда

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 455 | 0

Жогорку Сотто Кыргызстандын экс-президенти Сооронбай Жээнбеков менен анын иниси, Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековго байланыштуу иш боюнча соттук отурум өттү. Отурумду маалымат каражаттары түз эфирде чагылдырууда.

Соттук отурумга Жээнбековдор келген эмес. Сотто алардын кызыкчылыгын адвокаттар Жыргалбек Бабаев жана Валерьян Вахитов коргоодо.

Ош облустук Ички иштер башкармалыгынын мурдагы башчысы Абдылда Капаров Сооронбай Жээнбековдун арызы менен камалган. Себеби «июнь окуяларында Сооронбай жана Асылбек Жээнбековдор 3 миллион доллар уурдаган» деп айтып чыккан.

Сооронбай Жээнбеков мунун курулай доомат деп эсептеп, кадыр-баркына шек келтиргени үчүн Абдылдаевди сотко берген.

Капаров 4 жылга соттолуп, 2020-жылдын октябрь окуяларында түрмөдөн чыккан. Ал камалышына Жээнбековду айыптап, Башкы прокуратурага арыз жазган. Ал арыздын негизинде иш карала баштаган. Жогорку сот Абдылда Капаровдун ишин кароону 12-январга белгилеген.

Copyright © 2017 Maral FM