Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанга изилдөө үчүн «Pfizer» вакцинасы алып келинди

Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 493 | 0

Кыргызстанга изилдөө үчүн коронавируска каршы вакцина алынып келинди. Бул тууралуу брифинг учурунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Үсөнбаев бул америкалык «Pfizer» вакцинасы экендигин айтты.

«Биз вакцинаны колдонуу, сактоо шарттарын өздөштүрүшүбүз керек. Аны колдонуу үчүн 70 градус муздак аба керек экен. Азырынча биздеги аба анчалык муздак болбогондуктан, аны изилдеп чыгышыбыз керек», — деди ал.

Учурда Орусия да коронавируска каршы вакцина иштеп чыгууда. Аны клиникалык жактан изилдөөнүн 2 баскычы ийгиликтүү өткөн.

«Биз вакцинаны алуу үчүн кызматташуу жолдорун карап, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз», — дейт министрдин орун басары.

Үсөнбаевдин айтымында, алгач кызыл аймакта иштегендер, мугалимдер жана социалдык кызматкерлер эмделет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM