Биз менен байланышыңыз

Молдованын президенти чет өлкөгө болгон алгачкы сапарына унаа менен барды

Дүйнө , Кыска кабар | 12 Янв 2021 | 676 | 0

Молдованын президенти Майя Санду алгачкы расмий визитин Украинага жасады. Көпчүлүктүн көңүлүн бурган жагдай, Сандунун чет өлкөгө болгон сапарына учак менен эмес, унаа менен барганы болду.

Президенттин катчысы Сарина Штефирцанын айтымында, Молдова делегациясы Киевге учакта эмес, балким азыраак каражат коротулушу себептүү унаа менен жөнөгөн. Мындан тышкары бул пандемия учурундагы ыңгайлуу аракет болгонун белгилейт катчы.

Украина менен Молдова өкүлдөрүнүн расмий учурашуусу бүгүн, 12-январга белгиленген. Санду визит алкагында Украина президенти Владимир Зеленский, өкмөт башчы Денис Шмигал жана парламент спикери Дмитрий Разумков менен жолугушуу өткөрөт. Молдова делегациясынын курамында Сандудан тышкары дагы 9 адам бар.

Белгилеп өтсөк, Молдова менен Украинанын бийлиги 2015-жылдан бери расмий жолугушуу өткөргөн эмес. Кишинёв менен Киевдин аралыгы 470 километрге жакын.

Санду Молдовада 2020-жылы ноябрда өткөн шайлоодо жеңишке жетип, 24-декабрдан тарта президенттик кызматка киришкен.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM