Биз менен байланышыңыз

Парламенттик шайлоого салыштырмалуу кечээ мыйзам бузулуулар 80% аз катталды

Кыска кабар | 11 Янв 2021 | 444 | 0

2020-жылы октябрда өткөн парламенттик шайлоого салыштырмалуу президенттик шайлоо учурунда мыйзам бузулуулар 80 пайызга аз катталды. Бул тууралуу Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов 11-январь күнү маалымат жыйынында кабарлады.

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо менен президенттик шайлоодогу мыйзам бузууларды салыштырганда, президенттик шайлоо учурунда мыйзам бузуулар 468 учурга аз катталган.

Өткөн шайлоодо жалпы 580 мыйзам бузуу боюнча маалыматтар катталып, анын ичинде 175 кылмыш, 115 жорук, 18 бузуу жана ар түрдүү маалыматтар боюнча 272 факты катталган.

Президенттик шайлоонун жүрүшүндө ИИМ 112 фактыны каттады.

«Бул көрсөткүч жарандарыбыздын шайлоого карата жоопкерчилиги жогору болгондугунан, туруктуулук жана өнүгүү үчүн ар бирибиз кайдыгер эмес экендигинен кабар берет», — дейт Урманбетов.

ИИМдин маалыматына караганда, учурда өлкөдө коомдук-саясий кырдаал туруктуу жана ички иштер органдарынын көзөмөлүндө.

ИИМ шайлоо процесси учурунда 100дөн ашык мыйзам бузууну каттады

Copyright © 2017 Maral FM