Биз менен байланышыңыз

ИИМ шайлоо процесси учурунда 100дөн ашык мыйзам бузууну каттады

Кыска кабар , Шайлоо-2021 | 11 Янв 2021 | 537 | 0

Ички иштер органдары шайлоо процесси учурунда 112 мыйзам бузууну каттады. Бул тууралуу 11-январда өткөн маалымат жыйында Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урманбетов кабарлады.

Добуш берүү күнүнө чейин 78 факты катталган, шайлоо күнү 34 учур аныкталды.

102 факты боюнча чаралар кабыл алынды, калганы боюнча сотко чейинки өндүрүш аракети көрүлүүдө.

Аймактар боюнча алганда:

-Бишкек шаарында — 36;

-Ош шаарында — 14;

-Ысык-Көл облусунда — 4;

-Чүй облусунда — 17;

— Талас облусунда — 3;

— Ош облусунда — 25;

— Жалал-Абад облусунда — 8;

— Нарын облусунда — 2;

— Баткен облусунда — 3 факты катталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM