Биз менен байланышыңыз

«Жетим-Тоону иштетүү үчүн биринчи геологиялык чалгындоо жүргүзүш керек»

Кыска кабар | 8 Янв 2021 | 614 | 0

«Жетим-Тоо» кенин иштетиш үчүн биринчи кезекте геологиялык чалгындоо иштерин жүргүзүп, анда канча кен бар экендиги аныкталып андан кийин, кенди иштетүүнүн долбоору түзүлөт. Долбоор түзүлгөнгө заманбап технология менен иштеген компаниялар тартылат. Андан кийинки этап — өндүрүш. Ушул этаптардын башы да жок. Мындай пикирин вице-премьер-министр Максат Мамытканов бүгүн, 8-январда өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, чалгындоо ишин башташ үчүн ата мекендик компания ачуу керек болуп жатат.

«Анткени чалгындоо иштерине уруксат бериш үчүн, сөзсүз түрдө бир юридикалык компанияга беришибиз керек болуп жатат. Ошол компанияны азыр түзөбүз. Ал компания чалгындоо иштерин гана баштайт. Азыр эч нерсе баштала элек «Жетим-Тоону» коргойбуз деген уюмдар түзүлүп жатат. Биз деле Өкмөт катары коргоп жатабыз», — деди Мамытканов.

Ошондой эле ал жергиликтүү элди маалымат менен камсыз кылуу, элдин үнүн угуу керектигин айтып, бардык иштер ачык боло тургандыгын кошумчалады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM