Биз менен байланышыңыз

12-январга чейинки күтүлгөн аба ырайы

Кыска кабар | 7 Янв 2021 | 6253 | 0

Кыргызгидромет борбору 8-январдан 12-январга чейин өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу болжолдуу маалымат таратты.

Чүй, Талас облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Күндүз Чүй облусунун кээ бир райондорунда кар жаашы күтүлөт, Талас облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

10-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Бишкек шаарында күтүлгөн аба ырайы

8-январда түнкүсүн жана эртең менен кар жаашы күтүлөт.

8-январда күндүз жана 9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

Туман түшүшү мүмкүн. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

10-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында күтүлгөн аба ырайы

8-январда түнкүсүн жана эртең менен кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт. Күндүз Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт, Ош, Жалал-Абад облустарынын өрөөндөрүндө жана Баткен облусунда жаан-чачын күтүлбөйт.

9-январда жаан-чачын күтүлбөйт.

8-9-январларда кээ бир райондордо туман түшүшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт.

10-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Ысык-Көл облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-январда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

9-январда түнкүсүн кээ бир райондордо бир аз кар жаашы күтүлөт.

9-январда күндүз жана 10-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

Каракол жана Чолпон-Ата шаарларында күтүлгөн аба ырайы

8-январда жана 9-январда түнкүсүн кар жаашы күтүлөт.

9-январда күндүз жана 10-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 8-январда 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Нарын облусунда күтүлгөн аба ырайы

8-январда түнкүсүн жана эртең менен көпчүлүк аймактарда, күндүз кээ бир райондордо кар жаашы күтүлөт.

9-январда жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетиши күтүлөт

10-12-январларда жаан-чачын күтүлбөйт. Түштүк-чыгыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетиши күтүлөт.

Жолдор тоңголок, тайгак болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM