Биз менен байланышыңыз

Коюу тумандан улам Ошто аба каттамдары кармалууда

Кыска кабар | 5 Янв 2021 | 478 | 0

«Манас» эл аралык аэропортунун басма сөз кызматы бүгүн, 5-январь күнү коюу тумандан улам айрым аба каттамдары кармалып жатканын кабарлады.

Учурда Бишкек-Ош-Бишкек багыты боюнча «Тез Жет» авиакомпаниясынын 2 каттамы, «Авиа Траффик Компани» авиакомпаниясынын Ош-Бишкек каттамы,  Москва-Ош-Москва багыты боюнча «Аэрофлот» авиакомпаниясынын жана «Уральские авиалинии» авиакомпаниясынын каттамдары кармалууда.

Кечээ, 4-январь кечки саат 18:20дан бери коюу туман турганы кабарланды.

Каттамдар тууралуу маалыматтарды 0(312) 693109 жана 0(3222) 90101 номерлери аркылуу аэропорттордогу сурап-билүү түйүндөрүнөн тактап алса болот.

Copyright © 2017 Maral FM