Биз менен байланышыңыз

2021-жылдын 3-майындагы демалыш күнү 8-январдагы иш күнүнө которулат

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 1036 | 0

2021-жылдын 3-майындагы демалыш күнү 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулат. Демалыш күнүн которуу тууралуу чечимге премьер-министрдин милдетин аткаруучу, биринчи вице-премьер-министр Артём Новиков кол койду.

Чечимге ылайык, беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген мамлекеттик жана муниципалдык уюмдардын, мамлекеттик бюджеттен каржыланган мекемелердин жана ишканалардын кызматкерлери үчүн 2021-жылдын 3-майындагы демалыш күнү – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которулат.

Беш күндүк иш жуманын графиги боюнча иштеген жеке менчик формасындагы юридикалык жактардын жетекчилерине 2021-жылдын 3-майындагы демалыш күнүн – 2021-жылдын 8-январындагы иш күнүнө которуу сунушталат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM