Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 81 миңден ашты

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 503 | 0

Кыргызстанда 31-декабрга карата COVID-19 илдетинен дагы бир бейтап көз жумду. Ал Бишкек шаарында катталды. Коронавирустун өлүм учурлары 1355ке жетти.

Акыркы сутка ичинде 191 адамдан коронавирус аныкталды. Пандемия башталгандан бери 81034 адамга вирус жукту.

Бир сутка ичинде COVID-19 илдетинен 294 бейтап сакайды. Оорудан айыккандардын жалпы саны 75 миң 918ге жетти.

Ооруканаларда 1093 бейтап дарыланууда. Анын ичинен:

-12 адам канааттандыраарлык абалда;
-756 бейтап орто оордукта;
-279у оор абалда;
-6 адам өтө оор абалда.

Үй шартындагы дарыланууда 1756 бейтап бар.

31-декабрга карата коронавирус жуктуруп алган медициналык кызматкерлердин саны 4114кө жетти. Акыркы суткада эки медиктен вирус аныкталды, 8 кызматкер айыкты.

Copyright © 2017 Maral FM