Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда «Текстиль Транс» жип ийрүү өндүрүшү ишке киргизилди

Кыска кабар | 31 Дек 2020 | 1017 | 0

Кыргызстанда «Текстиль Транс» жип ийрүү өндүрүшү ишке киргизилди. Ишкананын ачылышына вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров катышты.

Ал жип ийрүү өндүрүшүнүн ишке киргизилиши менен республикада иштетилбеген продукциядан тигилген буюмдарга чейинки пахта кластери түзүлгөнүн кабарлады.

Анын айтымында, Токмок шаары Чүй облусунун гана эмес, жалпы республика боюнча өнөр жай борбору болуп саналат.

«Өкмөт аталган кластерди түзүүгө өзгөчө маани берет. Жип ийрүү өндүрүшүнүн ишке киргизилиши менен Кыргызстанда пахта өстүрүүдөн жогорку сапаттагы тигилген буюмдарды экспортко чыгарууга чейинки толук өндүрүштүк циклге ээ пахта кластери түзүлөт», — деди Сабиров.

Жип ийрүү өндүрүшүн ишке киргизүү менен ата мекендик пахта тазалоочу заводдордо өндүрүлгөн пахта булаларын кеңири иштетүү үчүн шарттар түзүлөт.

2017-жылы «Текстиль Транс» ЖЧК өлкөдө биринчилерден болуп пахтадан жасалган кездеме жана оролгон токума кездеме чыгаруу өндүрүшүн жөнгө салган.

Жип ийрүү өндүрүшүн ишке киргизүү өлкөдө пахта эгүү аянтын 67 миң га чейин кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Пахта буласын алууда өсүмдүк пахта майын өндүрүү кеңейтилет, ошондой эле концентраттарды өндүрүү боюнча ата мекендик тоют базасын уюштуруу үчүн шарттар түзүлөт.

Copyright © 2017 Maral FM