Биз менен байланышыңыз

Анарбек, Шахрезада: Эски ырларды жаңылап, элге тартуулайбыз

Советтик доордун акыркы, эгемендиктин башталыш жылдарында бул ырчылар өзгөчө стили, өзгөчө үнү менен эфирдин көркүн ачып, ободон түшпөй турушчу. «Кар вальсы», «Түнкү серенада», «Күтөмүн сени» сыяктуу жана башка көптөгөн обондору ырчылардын репертуарынан бүгүн да түшпөй келаткан ошол кездин «шансон жылдызы», Эл агартуунун отличниги, Маданияттын мыкты кызматкери Анарбек Сардарбеков жана кубулжуган өзгөчө үнү менен эстрадалык ырлардын көркүн ачкан, айрыкча «Жаштык сыры», «Табышмак сезим», «Өскөн жерге таазим», «Жамгыр» сыяктуу көптөгөн ырларды популярдуулуктун туу чокусуна жеткирген ырчы-аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Шахрезада Аскарова «Марал» радиосунун «Мен жана мезгил» программасына келип, азыр да чыгармачылыктан алыстабай, ошондогу ырларды жаңылап ырдап чыгууну пландап жатканын билдиришип, жашоосундагы, чыгармачылыгындагы кызыктары менен бөлүшүп, жаштык кездерин эскерип берип кетишти.

Чыгармачылыктагы ийгиликтүү жылдар

Анарбек: — Чыгармачылыкка кадам 1980-жылдардын ортосунда башталган. Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын босогосун аттап, куудул Асанкул Шаршеновдун бригадасында иштедим. Анан ансамблдерде алып баруучу, куудул болуп эмгектенип жүрдүм. Кийинчерээк, гитаранын коштоосунда ырларды жаздырып, обон чыгарып жүрдүм.

Шахрезада: — Анда 5 сомдук радио бар болчу. Ошол кичинекей кутуча аркылуу бүтүндөй СССРдин курамына кирген 15 өлкөнү укчубуз. Музыкалык программалар жана «Кутман таң» деген берүү бар эле. Ошолордун таасири абдан чоң болду. Кыялымда «музыка дүйнөсүн араласам» деген ой жашап калды. 2- классымда айылда бир майрамдык салтанат болуп, жергиликтүү радиодон: «Маараке бүткөндөн кийин индия кинолорун көрсөтөбүз», — деп жарыяланды. Кызыгып, барсам эле «Индия ырларынан ырда», — деп калышты. Анан баш тартпай ырдадым, ошол менин колхоз учурундагы эң биринчи дебютум болгон. Кийин 9-классымда шаарда №1 интернатта окуп жатканымда мектеп аралык «Шайыр окуучулар клубуна» (КВН) Куба элинин «Бандера  Росса» деген ырын ырдап катышып, телекөрсөтүүгө тартылгам. Айылда орус улутундагылар көп болчу. Мектептеги ийримдерди бүт эле орустар өтчү. Анан Виктор Семенович деген кыякчы агайыбыз жумуштан кетип калса, «Эми ырдабай калат турбайбызбы», — деп аябай ыйлагам.

Анарбек: — Бу киши айткандай эле бардыгы балалык учурдан башталат тура. Шаардагы №1 интернатта мен да окугам. Бирок, Шахрездадан 1 класс кийин бүттүм. Ошол кезден баштап, чыгармачылыкка абдан кириштим. Ата-энемдин жумушуна байланыштуу жер кыдырдым. Кийин география факультетин бүтүрүп, бирок жан дүйнөм чыгармачылык тарапты дегдеп туруп алды. Ал жакты да таарынтып албайын деп, калтырган жокмун.

Чыгармачылык — мен үчүн чоң дүйнө

Шахрезада: — Апам саанчы эле. Жайкысын чогулуп алышып, саанга барышчу. Айылдан жайлоого чейин бир жарым сааттык жол. Анан баратканда да, кайра келатканда да тынбай ырдашар эле. Башы «Мороз» деген ырдан башталып, аягы «Калинка» менен бүтчү. Көрсө, чөйрө тарбиялайт экен да. Кичинемден ыр угуп өсүп, кийин да ушул тармак менен агылып келатам. Ал учурда ырчы болом деген ой жок болчу. Бул чөйрө мага жөн гана жакчу. Анан чоң сахнага чыгууга чейинки учур аябагандай кызык болчу.

Жандууларды технология басып салды

Шахрезада: — Азыр технологиянын өнүккөн заманы. Мурда ар бир чыгармачыл инсан менен тыгыз ымалада болуп, ыр жагынан кыйынчылык деле жок болгон. Бул заманда баары башкача. Мына, Анарбек менен деле көптөн бери жолуга элекмин. Чогуу ырдап, даярданган деле жокпуз да. А мурда ырдоо процесси күч болчу. Ошол ыр менен ооруп, ар бир сөзүн сезүү керек. Кийин ал уккан адамга кандай таасир калтырарын, жыйынтыгы кандай болорун кошо ойлонуу абзел. Азыр ырчылар техниканын жардамы менен жакшы ырларды тартуулап жатат. Бирок бир нерсе жетишпегендей. Эгер өз күчү менен талантын, үнүн элге жеткире алса, анда сахнанын, күйөрмандардын да ачыла элек тарабын көрүшмөк. Бул сезимди сезип, татуу үчүн чоң эмгек керектелет.

«Сагыныч каты», «Кар вальсы» ырларынын обондору студент кезде жаралган 

Анарбек: — Бул ырларга обондор студент кезде жаралган. «Сагыныч каты» ырынын сөзү да, обону да меники. Шахрезада экөөбүз бул ырдын үстүндө иштеп, дуэт жаздырганбыз. 1989-жылы Акбар Рыскулов демилге көтөрүп, «Алгачкы элчилердин изи менен» деген делегация уюшулуп, автобус менен Санкт-Петербургка бардык. Жолдо баратканда Акбар Рыскулов: «Менде мындай текст бар», — деп калды. Ошол жерден гитараны ала коюп, кыңылдап атып эле, «Кар вальсы» деген обондуу ыр жаралган.

Чыгармачылыктагы тыныгуудан кийинки ойлор     

Шахрезада: — Мен азыр жакшы бир парадокско маани берип жүрөм. Азыр заманбап технологиянын өнүгүү жолунда жаш ырчылар эски ырларга жаңы көйнөк кийгизип жатышат. Ал эми биз буга чейин эмне деген ырларды ырдаганбыз. Азыр мындан 30 жыл мурда чыккан репертуардагы ырларды жаңылап иштеп чыгуунун үстүндөмүн. Мурункулар чын жүрөктөн жаралып, элге сиңип калган да.

Бизди улуу жолго салган устаттарга таазим

Шахрезада: — Мен студент болуп, Ленинградга окууга өтүп, ошол жакка  кеткем. Тилекке каршы, аяктай албай калдым. Анткени, доктурлар: «Абасы нымдуу, ден соолугуңа болбойт», — деп коюшту. Шаарга келип, дароо эле заводго жумушка орношуп алдым. Ал жерден Мурат Маймылов жетектеген «Дастан» тобунда ырдап, кийин Финансы техникумунун «Толкун» ансамблине чакырып алып кетишти. Бул ансамбль мага көп мүмкүнчүлүк түзүп берип, жакшы тарбиялады.

Анарбек: — Педагогика боюнча бала 50 % тарбияны ата-энеден алат. Калганын чөйрөдөн, жаныңдагы инсандардан аласың. Кандай гана залкар инсандар менен иштешкенбиз. Ошол кезде көркөм кеңеш деген бар эле. Ал жактын ар бир мүчөсү концерттик номерлерди баштан-аяк карап  чыгып, кемчиликтерин белгилеп беришчү. Тартип, талап абдан катуу болор эле.

Шахрезада: — Ошондо электен өтүү абдан кыйын болчу. Азыр мына бир топ жашка барып, артыбызга чыгармачылыкта канча деген ырларды жаратып, салым кошсок да, сахна дегенде абдан сүрдөйбүз. Бизди ушунтип тарбиялаган.

Дуэт ырдап келатканыбызга бир топ жыл болду 

Шахрезада: — Ырчылыкка жаңы кадам таштаганда, филармониянын ошол кездеги жетекчиси көрөгөчтүк кылып, «Анарбек Сардарбеков экөөң эстрадалык вариантта дуэт ырдайсыңар», — деп милдеттендирген. Ошондон бери чогуу ырдап келе жатабыз.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM