Биз менен байланышыңыз

«Президенттердин келиши да, кетиши да — чыгым»

Кыска кабар , Пикирлер | 23 Дек 2020 | 806 | 0

Кыргызстанда азаптын баары президенттерден келип чыгат. Президенттердин келиши да, кетиши да — чыгым. Мындай пикирин юрист Эржан Кайыпов «Марал» радиосуна берген маегинде билдирди.

Ал үстүбүздөгү жылдын 5-октябрындагы башаламандыктар парламент эмес, президенттик институт кетирген каталардын айынан болгонун белгиледи.

«Азыр коюлуп жаткан конституциялык референдумга да 39 млн сом кетери айтылууда, бул — чоң акча. Ошондуктан президентти парламент эле шайласа жакшы. Парламенттик формада депутаттар жакшы иштебеген жетекчини ири чыгымсыз алмаштырууга мүмкүнчүлүгү көп болот. Ал эми президенттик формага өтүп алсак, саясий абал туруксуз болот. Бул — дүйнөлүк практика», — дейт Кайыпов.

Ал саясатчылар калктын саясий маданиятын жогорулатууга кызыкпасын сындады.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM