Биз менен байланышыңыз

«Соода-өнөр жай палатасынын уставына жазылган эрежелер бузулду»

Коом , Күн чекит , Кыска кабар | 23 Дек 2020 | 31473 | 0

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасына жетекчи болуп Марат Шаршекеевдин кайрадан шайланышына бир катар ишкерлер нааразы болуп жатышат. Алар шайлоо учурунда уюмдун уставында жазылган эрежелер сакталбаганын белгилешүүдө.

18-декабрдагы Соода-өнөр жай палатасынын жетекчисин шайлоо мыйзамсыз өттү деген ишкерлер шайлоону уюштурган комиссияны сотко берерин Бишкекте өткөн жыйында билдиришти. Себеби курултайга палатага мүчө болгон бардык өкүл чакырылбай, 1200 ишкердин ичинен 128 өкүл гана шайлоодо добуш берген. Бул эрежени одоно бузуу экенин айтат Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү Талант Маткерим уулу.

«18-декабрда Палатанын Конгрессинин жүрүшүндө Марат Шаршекеевдин жана Соода-өнөр жай палатасынын Кеңешинин жаңы курамынын атынан Соода-өнөр жай палатасынын президенти шайланган. Бирок конгресс палатанын уставын жана регламентин бузуу менен өткөн. Съездге 128 делегат чакырылган, алардын көпчүлүгү Шаршекеевдин «эски» командасынын мүчөлөрү, башка талапкерлердин байкоочулары курултайга киргизилген эмес».

Соода-өнөр жай палатасынын мүчөсү Авазбек Керимбеков кошумчалагандай, конгресс акыркы жолу 2015-жылдын 23-январында болсо, кийинки конгресс 11 айга кечигүү менен өткөн. Иш-чара өзү пландаштырылган сценарий боюнча уюштурулуп, президиумдун тизмеси курултайга чейин даяр болуп, Палатанын Кеңешинин учурдагы башчысы анын төрагасы болгон.

Шайлоонун экинчи айлампасында палатаны 10 жылдан бери башкарып келаткан Марат Шаршекеев жана Ата мекендик өндүрүшчүлөр бирикмесинин төрагасы Бакыт Дегенбаев алдыңкы орунга чыгышкан. Бирок, кандайдыр бир себептерден улам, Шаршекеев топтогон добуштар көбүрөөк болгон.

«35тен жогорку, 65тен төмөнкү курактагы адамдар талапкер боло алат» деген пункт да одоно бузулган. Марат Шаршекеев 70 жашта. Талапкерлердин тизмеси курултайга 3 күн калганда жарыялангандыктан, делегаттар талапкерлер жана алардын программасы менен тааныша алышкан жок. Мындан тышкары Соода-өнөр жай палатасынын президентинин 2015-жылдан берки отчету алдын ала жарыяланган эмес, ошондуктан Соода-өнөр жай палатасынын мүчөлөрү маалымат алуу жагынан чектелүү болушкан. Кубат Рахимов менен Кайрат Итибаев талапкер болуп, бирок алар кеңештин мүчөлүгүнөн чыгарылды».

Бул маселе боюнча Марат Шаршекеевге байланышканыбызда, маалымат катчысы: «Январда советтин отуруму болот, ошондо палатанын түзүмү бекитилет. Ошондон кийин анан жооп бере алат», — деген жообун берди.

Палатанын мүчөлөрүнүн айтымында, укук коргоо органдарынан бул конгресстин мыйзамдуулугуна баа берилиши керек, курултай чечимдерин жараксыз деп табууну жана Палатанын жаңы курултайын уюштурууну талап кылууда.

Экономика боюнча эксперт Эркин Абдразаков 2010-жылдан бери аталган кызматты ээлеп турган Марат Шаршекеев жаштарга орун бериши керектигин айтат.

«Кыргыз экономикасынын азыркы ал-абалы эч кимге жашыруун эмес. Ушундай шартта ишкерлердин кызыкчылыгын талашып, ишин илгерилетип, эл аралык алакаларды түзүүдө палата жоопкерчиликти алышы керек. Шаршекеев Марат аксакал барбай эле койсо болмок, жашы жетимишке таяп калды. Жаштарга мүмкүнчүлүк берүү керек эле. Билимдүү, чет жактан окуп, тажрыйба топтоп келген канчалаган жаштарыбыз бар. Аларга бериши керек».

Кыргызстандын Соода-өнөр жай палатасы 1954-жылы негизделген. Палата — ишкерлердин башын бириктирген көз каранды эмес уюм. Ал ишкердикти жөнгө салат жана ишкерлердин атынан өкмөткө талаптарды коюу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Ага катталган ишкер өндүргөн товарын экспортко чыгарууда тиешелүү лицензия, сертификат, экспертизаларды ала алат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM