Биз менен байланышыңыз

УКМК: Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды

Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 565 | 0

УКМК «Чач» каймана аты менен белгилүү Эрнис Мырзахмедов лидерлик кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармады.

ИИМ кызматкерине жана жарандарга карата куралдуу кол салууга аракет кылган фактынын негизинде сотко чейинки өндүрүш иши жүрүүдө.

16-декабрда УКМК жүргүзгөн атайын ыкчам иштердин натыйжасында, Бишкек шаарында жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда быйыл октябрь айында орун алган атышууга катышкан уюшкан кылмыштуу топтун 5 мүчөсү кармалды.

Алардын үчөө 2 айга камалды. Калган эки адам Жазык-процесстик кодексинин 98-беренесинин негизинде УКМКнын Бишкектеги убактылуу кармоочу жайынын тергөө камак жайына киргизилди.

Сотко чейинки өндүрүштүн алкагында, буга чейин кармалган Эрнис Мурзахметовдун («Чач») жогорудагы кылмышка түздөн-түз тиешеси бар экендиги жөнүндө кошумча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү алынган.

Кармалган жарандар башка мыйзамсыз иштерге тиешеси бар-жогу иликтенүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM