Биз менен байланышыңыз

Молдованын президенти орус тилине артыкчылык берген мыйзамга кол койду

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Дек 2020 | 596 | 0

Молдованын учурдагы президенти Игорь Додон «Орус тилине эл аралык баарлашуу тили макамын берүү жөнүндө» мыйзам кабыл алды.

Бул мыйзам орус телеканалдарынын тартуусуна тыюу салган чектөөлөрдү алып салууга мүмкүнчүлүк берет.

Ал эми Молдованын жаңы шайланган, бирок кызматына расмий кирише элек президенти Майя Санду европачыл көз караштагы саясатчы болуп саналат. Ал Додондон айырмаланып, мамлекеттин келечегин курууда союздашкан баалуулуктардан чыгуу керек деп эсептейт.

Айрым серепчилер Додондун бул аракетин жакын арада кызматына расмий кирише турган президент Майя Сандуга бут тосуу катары баалашууда.

Белгилей кетсек, Майя Санду ушул жылдын 16-ноябрында Молдованын президенттигине шайланган. Жаңы президенттин инаугурациясы 24-декабрда өтүп, 25-декабрдан тарта кызматына расмий киришет.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM