Биз менен байланышыңыз

Бразилиянын президенти коронавируска каршы эмдөөдөн баш тартты

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 358 | 0

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару COVID-19 вирусуна каршы эмдөөдөн өтпөй турганын айтты. Бул тууралуу ал «Band TV» каналына берген маегинде билдирди.

Президент каалагандар гана вакцина алышы керек деп эсептейт.

«Мен эмдөөдөн өтпөйм. Менин өмүрүмө коркунуч туулабы, жокпу ал — менин көйгөйүм», — деди.

Ошондой эле Болсонару беткап коронавирустан коргооруна ишенбейт.

Буга чейин сот Бразилиянын президентин беткап кийүүгө милдеттендирген. Болсонару коомдук иш-чараларга катышканда, беткап тагынышы керек.

Дүйнө жүзүндө Бразилия коронавирус оорусун жуктургандардын саны боюнча АКШ менен Индиядан кийинки үчүнчү орунда турат. Пандемия башталгандан бери Бразилияда 7 миллиондон ашык адамдан коронавирус аныкталды.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM