Биз менен байланышыңыз

Жапаров: Үч жыл мурун президенттик шайлоого катышууга ниеттенгем (видео)

Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 384 | 0

Үч жыл мурун эле президенттик шайлоого катышууга ниеттенгем. Бул тууралуу өкмөт башчылык кызматын убактылуу тапшырган, президенттик милдетти аткарган, учурда президенттикке талапкер Садыр Жапаров, журналист Майраш Базлакунованын жеке каналына маек берип жатып айтты.

«2017-жылы президенттик шайлоого катышуу тууралуу ой болгон. Мен ошол үчүн 3-4 жыл чет өлкөдө жашап жүрдүм. Себеби жакындарымды, бир туугандарымды куугунтуктап, артымдан түшүп, кайрадан камайбыз дешкен. Ошол кезде «Юпи-гейт» ыкмасы менен атайылап камоого аракет кылышкан. Улуттук коопсуздук комитетинин СИЗОсунан чыккандан кийин муну кайра камаш керек, анткени бул бизди иштетпейт деп чочулашкан. Атамбаевдин ушундай арам ойлору болгон. Кумтөрдү кайра көтөрө берет, Мегакомду саттырбай жатат деп, «Юпи-гейтти» уюштурушкан. Ошондо бир туугандарым, ата-энем чет өлкөгө чыгып кетүүнү суранды, бийлик тараптан да айттырышты. Европага кетип, 4 жылдай жашап калдым. 2017-жылы Кыргызстанга президенттик шайлоого катышайын деген ниет менен келгем. Өзүмдү, бир туугандарымды, бала-чакамды камап коет деп күткөн эмесмин. Алар алты ай жатып чыкты, мен 3,5 жылдан кийин камактан чыктым».

2013-жылдын сентябрь айында Соң-Көлдөгү курултайдын уюштуруучусу Эрланбек Өмүралиевдин оппозициянын пландары тууралуу айтып жаткан видеосу жарыяланган. Тасмада Эрланбек Өмүралиев оппозиция жергиликтүү тургундардын арасында башаламандыктарды пайда кылуу үчүн Кыргызстандын түндүгүндө жолдорду бууп, Нарын дарыясын цианид менен уулантууну пландап жаткандыгы жөнүндө айткан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM