Биз менен байланышыңыз

Рустам Эмомали Тажикстан Футбол федерациясынын президенттигине кайрадан шайланды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 309 | 0

Тажикстан президентинин тун уулу Рустам Эмомали Тажикстандын Футбол федерациясынын президенттигине кайрадан төрт жылдык мөөнөткө шайланды. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктар кызматы жазды.

Ал Тажикстан Футбол федерациясын 2012-жылдан бери жетектеп келет. Рустам андан сырткары Дүйшөмбүнүн мэри жана Тажикстан парламентинин жогорку палатасынын спикери.

Оппоненттер Рахмонду непотизмге айыптап келишет. Мамлекеттеги маанилүү постторду президенттин жакындары ээлеп турат. Тажикстан башчысы өлкөнүн Улуттук Олимпиада комитетинин президенти, күйөө баласы Шамсулло Сохибов вице-президенти.

Тажикстандын футбол боюнча курама командасы бир да жолу дүйнө чемпионатына жана Азия кубогуна жолдомо ута элек.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM