Биз менен байланышыңыз

Японияда калың жааган кардан улам 9 миң үй жарыксыз калды

Дүйнө , Кыска кабар | 17 Дек 2020 | 289 | 0

Япониянын Ниигата жана Хёго шаарларында калың жааган кардан улам кеминде 9 миң турак жай электр жарыгысыз калды. Бул тууралуу «NHK» телеканалы маалымдады.

Аталган аймактарда 3 күндөн бери кар басылбай жаап келет.

Ниигатада абал оор экендиги байкалууда. 14-декабрь кечинде башталган кардын калыңдыгы 2 метрге чейин жетип, транспорттук каттамдардын токтошуна алып келген. Жүздөгөн унаа карга тыгылып, көчөдө калган.

Кардан 15 адам жабыркаган. Оор кырдаалга байланыштуу өлкөнүн премьер-министри кризистик штаб түздү.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM