Биз менен байланышыңыз

Талант Мамытов Назарбаев жана Токаевди Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады

Кыска кабар | 16 Дек 2020 | 452 | 0

Президенттин милдетин аткарып жаткан парламент төрагасы Талант Мамытов Казакстандын туңгуч президенти Нурсултан Назарбаевди өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады.

«Боордош эки элдин кылымдардан бери келе жаткан, достукка негизделген ынак коңшулук, стратегиялык өнөктөштүк жана союздаштык мамилелери мындан ары да сиздин жеке колдооңуз менен бекемделе берет деп терең ишенем», — деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Талант Мамытов ошондой эле Казакстандын учурдагы президенти Касым-Жомарт Токаевди да өлкөнүн Эгемендүүлүк күнү менен куттуктады. Токаевге жолдонгон куттуктоодо Казакстан көз карандысыздык алган жылдан тарта курулуш, саясий жана социалдык-экономикалык өнүгүү жаатында чоң ийгиликтерге жетишкенин, эл аралык аренада мамлекеттин аброю бекемделгенин айтты.

Бүгүн, 16-декабрь — Казакстанда эгемендик майрамы. Казакстан Республикасы өзүнүн көз карандысыздыгын мурдагы СССР өлкөлөрүнүн ичинен эң акыркы болуп, 1991-жылдын 16-декабрында жарыялаган.

Өлкө тарыхындагы өзгөчө мааниге ээ бул майрам эки күн: 16-17-декабрда белгиленет. Бул күндөр эс алуу күндөр болуп саналат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM